Искендер Матраимов коррупцияга каршы күрөшүүнү жетектемек болду
13.01.2022 12:20
13-январда Жогорку Кеңеш комитеттердин төрага орун басарларын шайлады.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү депутаттар шайланды:
- Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков — Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлары;
- Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов — Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлары;
- Миргүл Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев — Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлары;
- Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы — Социалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басарлары;
- Мирлан Самойкожо, Марат Мураталиев жана Кундузбек Сулайманов — Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;
- Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Эльдар Сулайманов — Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлары;
- Айсара Абдибаева, Өмүрбек Бакиров жана Дастан Бекешев — Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлары;
- Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитеттин төрага орун басарлары.
Эске салсак, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин структурасын бекитип, үч вице-спикерди жана 8 комитеттин төрагаларын шайлашкан.
Булак: https://argument.kg/
Жаңылыктарга жазылыңыз