Ажо берген убадалар: билимге басым жасалбайт

08.01.2019 09:43

Politmer саясий-аналитикалык ресурсу ММК дан аткаминерлердин жана депутаттардын убадасын жыйнап, көзөмөлгө алат. 

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков эң көп убада берген саясатчылардын катарында. Politmer сайтында  жалпы жонунан анын 101 убадасы жайгашкан.  Алардын негизинде Politmer  Жээнбековдун кайсы тармакка көбүрөөк басым жасарын, ал эми кайсы тармак  ажонун көңүл сыртында каларын изилдеди. 

Президент көп басым жасаган тармактар, ар бири 25%ды түзгөн саясат жана коом экени аныкталды. Өлкө башчысы коррупция менен аеосуз күрөшөрүн дайым айтып келет. Ал үчүн өз туугандарынын да көңүлүн карабарын баса белгилейт. Ал эми шайлоо алдында Исфана эли менен болгон жолугушууда, айтылуу Исхак Раззаковдой эл үчүн таза иштеп берем деген сөзү да бар. Ал эми президенттик мөөнөтү бүткөн соң, саясаттта калбайм деп убадалаган.  

Ар бир айылда интернет, таза суу жана спорт зал. Булардын баары ажонун президенттик шайлоо алдында берген убадалары. Анын программасы ийгиликтүү ишке ашса 240 кыргызстандык жаңы иш орду менен камсыз болот.

Мындан тышкары Жээнбеков инфраструктуранын (24%) жана өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө (22%)  көп көңүл бурат. Жолдорду жаңыртуу,  жаңы соцобъектилерди жана ишканаларды куруу - булардын баары  ооздон чыккан чыныгы убадалар. 

Кулакка жакшы угулгандардын ичинен - 6% үстөк менен ипотекалык насыя берүү жана 5 жылдын ичинде региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүү. 

Жогоруда айтылган мыкты убадаларга карабай, коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактары ажнонун көңүл сыртында калган. Алардын ар бири болгону 1%дан. 

Бүгүнкү күндө Жээнбековдун 101 убадасынын ичинен 15%ы аткарылып, 10%ы аткарылбай калган, ал эми 76%ы байкоодо.

Сооронбай Жээнбековдун бардык убадалары төмөнкү шилтемеде:  http://politmer.kg/ky/human/39

Жаңылыктарга жазылыңыз