Кыргызстандын саясатчыларын социалдык түйүндөрдө көбүрөөк эмне кызыктырат?

09.04.2019 17:09

Акыркы жылдары кыргыз саясатчылары дагы социалдык түйүндөрдү жакшы өздөштүрүп, активдүү боло башташты. Алар башка колдонуучулардай эле маалымат менен бөлүшүшөт жана түрдүү окуяларга комментарий калтырат.  

Politmer Интернеттеги ачык маалыматтарды жана атайын аспаптарды пайдалануу менен кыргыз саясатчылары социалдык түйүндөрдө кандай маалыматтарды көп окушат жана кайсы баракчаларга жазылганын текшерип көрдү. 

Жалпысынан аларды кызыктырган маалыматтар түрдүү болгону менен, окшош жактары да бар болуп чыкты: 

  • ар бири өз партиясынын баракчасына жазылган;
  • көпчүлүгүн маданият ишмерлери: ырчылар, шоумен, манасчы жана той тамадалары кызыктырат; 
  • текшерилген саясатчылардын бирөөсү дагы Кыргызстандын бийлик төбөлдөрүнүн баракчаларына жазылбаптыр; 
  • көпчүлүгүнүн өз аккаунтунан тышкары баракчалары да бар; 
  • көпчүлүгү айрым бир ЖМК жана журналисттердин баракчаларына жазылган. 


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Facebook соцтүйүнүндө эки профили бар. Ал бир топ  жана бир нече баракчаларга жазылган. Алардын ичинде Акылбек Жаманкулов, Лунара Мамытова, Абдывахап Нурбаев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу белгилүү адамдардын жеке блогдору да бар.  Депутатты кызыктырган ЖМКлардын ичинде NewTV.kg, Аймак.kg жана Достук.tv жок эмес.

Ал эми журналисттердин арасынан Икрамов Sputnik МА кабарчылары – Эламан Карымшаков жана Бакыт Толкановду окуйт. Мындан тышкары анын кызыгуу чөйрөсүндө nametests.com, lifter, “Интересно” аттуу порталдар да бар.  Икрамов Кыргызстанда өтчү тендерлер жарыяланчу Procurement.kg ресурсуна да жазылган, мындан тышкары “Өнүгүү-прогресс” партиясынын жаштар канатынын, “Жалалабат Электр” ААК, “Айтыш” КФ, “Насаат медиа” жана КР Муфтиятынын кабарлары менен тааныш болуп турат. 



Өмүрбек Бабановдун  бир нече аккаунту бар.  Алардын көпчүлүгү акыркы жолу президенттик шайлоо учурунда, 2017-жылы жаңыртылган.  Бирок саясатчынын баракчасына маалыматтар байма-бай киргизилип турат.  Бабановду кызыктырган чөйрөсү да кеңири.  Мисалы, Бабанов ЖМКлардын ичинен "НТС Кыргызстан",  “Азаттык Радиосу”, K-News МА, АкиPress “Талас турмушу”, Багыт.kg гезити жана азербайжандык ЖМК www.1NEWS.az ресурсунун маалыматтарына кызыгат.

Мындан тышкары  “Кыргызстан” банкы, “Asia Mall” соода борбору,  “Беспредел KG”, “Академия Роста” жана  “Интеллект” таймаш клубуна жазылган. 

Белгилүү адамдардын ичинен Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Анара Мамбеталиеваны (Госэкотехинспекциянын коррупциялык былыктарынын бетин ачкан маалымат катчысы), Александр Кимди («Вечерний Бишкек» гезитинин мурунку жетекчиси) жана Талант Мамытовду (ЖК «Республика- Ата-Журт» партиясынан болгон мурунку депутаты) окуйт.

Бабанов жазылган баракчалардын ичинен президенттик шайлоодо активдүү иш алып барган “Бабанов президент”, “Өлкө Бабановду тандайт”, “АнтиАдмРесурс Президент” баракчаларын көрүүгө болот.



Соцфонддун мурунку төрагасы жана ЖК экс-депутаты Акматбек Келдибеков да Бабановдой эле   Бакыт Торобаев, Анара Мамбеталиева жана Александр Кимдин баракчаларына жазылган. 

Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева,  Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов, экс-депутат Ташполот Балтабаев жана белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов дагы Келдибеков окуган адамдардын ичинде. Саясатчы жаңылыктарды Акиpress, Kabarlar, “Аргумент” жана “Айбат” ЖМКларынан алып турат. 

Оюн-зоок порталдарынын ичинен “Видео кайф”, “Клевое видео” “Лайкни меня” жана белгилүү тамада, шоумен жана ырчылардын арасынан Дастан Алдаяров, Муктар Атаналиев, Жыпар Нуракова ж.б. кызыгат.




Камчыбек Ташиев Facebook соцтүйүнүдө активдүү колдонуучу. Аты аталган саясатчылардай эле азыркы жана экс-президенттин баракчаларына  жазылган эмес.  Ташиевди АКШнын мурунку президенти Барак Обама аялы менен көбүрөөк кызыктырат окшойт.  Ал эми жергиликтүү саясатчылардан социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровду, министрдин жардамчысы Дайырбек Орунбековду, Ахматбек Келдибеков жана Жанар Акаевдин жеке баракчаларын окуйт. 

ЖМКлардан  7 канал, АкиPress жана көпчүлүккө таанымал эмес  tayan.kg порталынын жаңылыктарына жазылган.

Мурунку депутат жана ӨК экс-министри саясаттан тышкары эстетикага да кызыгат, мисалы GULNUR Fashion жана “Мир красоты” ресурстарын, көңүл ачуучу порталдардан Uduba.com, Bomba.co, “Офигенно” сайттарын  окуп турат. 

Камчыбек Ташиев ырчылардын ичинен Айпери Кулбаева,   журналисттерден Sputnik МА кабарчысы Таалайгүл Усенбаева, көз карандысыз журналист Жакшылык Бердибек уулу жана тамада Урмат Карачовдун жеке баракчаларына да көз салып турат. 

Мындан тышкары интернет дүкөнү Svetofor.kg, мусулмандар бизнес форуму "muslimbiz.kg, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи менен Томск политехникалык Университети (ал өзү окуган) да аны кызыктырган чөйрөгө кирет.



Өмурбек Текебаевдин соцтүйүндө  5 профили менен 3 баракчасы бар.  

Профилдердин ичинде 2017-жылга чейин иштегени көп.   Белгилүү оппозиционер Чолпон Жакупова, Мелис Турганбаев, Ыргал Кадыралиева жана Садык Шер-Нияздын жеке баракчаларына жазылган. одписан  жазылган. Чет элдик саясатчылардын ичинен Казакстандын, Россиянын, Түркиянын жана АКШнын президенттеринин баракчаларын окуп турат. 

Текебаевди кызыктырган ЖМКлар бул - Kaktus.Media, КирТАГ менен  “Азаттык радиосу”. Ошондой эле ал да Анара Мамбеталиева менен Александр Кимге жазылган экен.

Ошондой эле АЮ Grand, Platinum Fitness KG, “Укладка брусчатки в Бишкеке”,  "Образование без границ" КФ жарыялаган маалыматтар да анын көңүл борборунда. 

Мындан тышкары Текебаев манасчы Улан Исмаилов жана блокчейн технологиясы боюнча эксперт Жапар Усеновдун жеке баракчаларына да көз салып турат.















Жаңылыктарга жазылыңыз