Айлыкты көтөрмөкчү болгон аткаминерлер

21.05.2019 14:14

Саясатчылардын көбү эл менен жолугушууда айлык акы, пенсияны көтөрөм деп убадалап, өзүнө саясий упай топтору анык. Бирок убаданын артында аны чыныгы ишке ашыруу жоопкерчилиги бар экенин баары эле эске ала бербесе керек. Дегенибиз, мындай көрүнүштөр көп учурда сөз бойдон кала бергенин Politmer базасынан көрсө болот. Убадалардын дээрлик 50%дан ашыгы аткарылган эмес. 

Бул ирет Politmer саясий-аналитикалык ресурсу элдин айлыгын көтөрмөкчү болгон саясатчылардын тизмегин түздү. 

Премьер-министр кызматын аркалап турганда Жантөрө Сатыбалдиев милиция кызматкерлеринин маянасын эки эсе жогорулатууга белсенген эле.  Чындыгында эле бир нече айдан соң ал айтканынан кайткан жок. Бирок премьер убадасын милиция кызматкерлеринин сыйлык акысын кыскартуунун эсебинен аткарганы адилеттүү болбой калган. 

Шайлоо алдында жанданган "Бир Бол" партиясынын өкүлдөрү мыкты убадаларды таратууда алдына эч кимди салган жок. Алардын айлык акыга тиешелүү үч убадасы Politmer ресурсунда катталган. Алгач "Кабылан секириги" программасын көтөрүп чыгып, даңазалаган бирболчулар пенсия, айлык акы жана ички дүң продукциянын өлчөмдөрү эки эсе өсөт деген.  Ошол эле программанын алкагында "Бир Бол" мугалимдердин айлыгын 30 миң сомго көтөрмөк.  Бүгүнкү күндө окутуучулардын эмгеги орточо 13,8 миң сомду түзгөнү коомчулукка маалым. Өкмөт жаңы окуу жылына карата бул сумманы 20%га жогорулатууну убадалады. Антсе да, 30 миң сомго  жеткирүү үчүн бүгүнкү айлыкты кеминде  100%га көтөрүү зарыл. 

Бирболчулар муну менен эле чектелип калбастан, 2018-жылга карата өлкөнүн ички дүн продукциясын, пенсия, жөлөк пул жана айлыктын орточо көлөмүн Казахстан менен Россиянын көрсөткүчтөрүнө жеткирмек.  

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын тургундарынын эмгеги москвалыктардан төрт эсе, ал эми Нур-Султан шаарынын тургундарынан эки эсе арзан экенин  Улуттук статистика комитети тастыктайт. 

Мындай жагдай айдан ачык болгонуна карабай "Өнүгүү-прогресс" партиясы мугалимдердин айлыгын 300-400 долларга жеткирүүгө белсенет. 

Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого аттанган Темир Сариев ажонун тактысын ээлеп калса, кыргызстандыктардын маянасын бир жылдын ичинде 100%га көтөрүүнү убадалайт.  Сариевдин атаандашы Сооронбай Жээнбеков ошол эле шайлоо учурунда мугалимдик кесип өлкөдө ардактуу болорун айтып,  маянанын жыл сайын көтөрөрүн айтып чыгат. "Мен буга кандай жол менен жетүүнүн сырын билем", - деп ишендирген ал

Бирок расмий статистика саясатчылардын билдирүүлөрүнөн кыйла айырмаланат. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Бишкек тургундарынын маянасы москвалыктардан төрт эсе, ал эми нурсултандыктардан эки эсе төмөн. 

 Жыйынтыгында бишкектиктер Москва, Минск жана Нур-Султан шаарларынын тургундарына караганда бир нече аз тамак-азыктарын сатып алууга жөндөмдүү. 






Расмий статистикага ыйлайык,  маяна 5 жыл ичинде төмөндөгүдөй көтөрүлгөн:






Жаңылыктарга жазылыңыз