Кыргызстандын алты облусунда шайлоочулар "жоголуп кетти".

08.09.2020 15:15

Парламенттик шайлоонун алдында Бишкекте шайлоочулардын саны кескин өстү.  Муну БШКнын алдын ала жарыялаган шайлоочулардын тизмеси жана "Тизме" порталындагы маалыматтар айгинелеп турат.

2020-жылдын 16-июлунда Бишкекте  катталган шайлоочулардын саны 391 833тү түзгөн. Ал эми 4-сентябрга карата алардын саны 444 128ге жетти. Кантип, деген суроо туулат. Кененирээк алдыда.


Сандардын өсүшү

16-июлга карата Кыргызстанда жалпысынан 3,429 миллион шайлоочу катталган. Бирок эки айга жетпеген аралыкта бул сан 3,465 миллионго көтөрүлгөн. Тагыраагы шайлоочулардын саны 36,4 миңге өскөн. Бул кишилер кайдан чыкты?

16-июлдан 4-сентябрга чейинки аралыкта статистиканы байкап көрсөк, өлкөнүн алты облусунда  шайлоочулардын саны кескин кыскарыптыр. Маселен Нарын аймагында эки айга жетпеген мезгилде 10.6 миң, Чүйдө 6.7 миң шайлоочу "жоголуп" кетти.


Кайнаган калаа

Тескерисинче Ош шаарында шайлоочулардын саны 7,3 миңге, КР Тышкы иштер министрлигинде(чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин саны) 4,5 миңге, Жалал-Абадда болсо 3 миң кишиге көбөйдү. Борборубуз Бишкекте алардын саны 52.3 миңге жеткен.

Республика боюнча шайлоочулардын саны эки айга жетпеген аралыкта кантип 36.4 миңге, ал эми Бишкекте 52.3 миңге көбөйүп кетти? Бул жагдайды башка аймактардагы (шайлоочулардын саны азайган региондор) шайлоочулар өздөрүнүн участкалык дарегин өзгөртүү боюнча массалык арыз жазгандыгы менен гана түшүндүрсөк болот. Бирок бардык облустарда дайыны чыкпай калгандарын эсепке алганда деле болгону 30.1 миңге жетмек. Андай болсо Бишкектеги ашыкча 22.2 миң шайлоочу кайдан чыкты, деген суроо туулат. 

Божомолдорго ылайык 36.4 миңдин көпчүлүк бөлүгүн 6-июлга чейин тизмеге кирбей калган шайлоочулар түзүшү мүмкүн. 

Муну оңой эле далилдесе болот. Эгер Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана КР ТИМдеги көбөйгөн шайлоочулардын санын кошсок 67 миң 151 добуш берүүчү жарандын саны чыгат. 

Ошондой эле алты облуста "жоголгондорду" жана жаңы шайлоочулардын суммасын чыгарсак, ошол эле 67 миң 151 шайлоочу чыгаарын көрөбүз.

Ошентип, Бишкектеги 52 295 жаңы шайлоочу - бул республика боюнча катталган 36 372 жаңы шайлоочунун  жана алты облустан "жоголгон" 30 779 шайлоочунун 21 516сы. Демек, региондордун шайлоочулары шайлоо дарегин Бишкектикине өзгөрткөн болуп чыгат. 


Жаңылыктарга жазылыңыз