Шайлоо 2020: “Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Мекенчил” партияларынын убадалары

14.09.2020 11:02

Ар бир шайлоонун алдында депутаттыкка талапкерлер опол тоодой убадаларды беришет. Алардын айрымдарынын аткарылышы күмөн болсо, кээ бири акылга сыйбай турган кур сөздөр. 

Алгачкы ушул өңүттөгү убадалардын үчилтигин   Politmer.kg кененирээк окуй аласыздар. 


50 миң сомдук сүйүнчү 


2020-жылы дагы шайлоодо эң оболу популисттик убаданы “Кыргызстан” саясий партиясы берүүдө. Кайсыл жакты карабагын "жаңы төрөлгөн балага 50 сом сүйүнчү пул төлөнөт",- деген партиянын жарнамалары. Өлкөдө жылына 150дөн 170 миңге чейин ымыркай жарык дүйнөгө келет. Сөз болуп жаткан сүйүнчү пулду төлөш үчүн жылына 8,6 млрд сом керек. Бул катуу айтылган сөздөр шайлоо алдында берилген убадалар. “Кыргызстан” партиясы мындай кооз сөздөрдү 2015-жылкы аламан жарышта да берген. Бирок оозу мурду кыйшайбай туруп, быйылкы шайлоодо кайрадан эле ошол аткара албаган убадаларын берип жатышат.


Чиновниктерди онлайн-көзөмөлдөө


Ал эми “Биримдик” партиясы чиновниктерди жана мамлекеттик кызматкерлерди онлайн көзөмөлдөйбүз деген убадаларды берип жатышат. Бул тууралуу партиянын шайлоо алдындагы программасында  “чиновниктердин жана мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин онлайн- көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү, толук ачыктык жана айкындык, бардык жактан алардын коом алдындагы жоопкерчилик сезимин күчөтүп, кесипкѳй жана ачык иштөөгө аргасыз кылат”,-  деп бакыйып жазылып турат. Бирок кантип жарандарыбыз 18 миң мамлекеттик кызматкерди ( Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча) көзөмөлдөй тургандыгы  программада такталган эмес. 

Судьялардын кабинеттеринде соттук системаны реформалоонун алкагында орнотулган видеокамералар көшөгө жана кагаз менен жабылган учур буга айкын мисал болуп берет. 

Маанилүү жагдай “Биримдик” партиясын бийликчил катары сыпатташууда. Чынында анын тизмесинен учурдагы бир топ депуттарды көрүүгө болот. 

“Kaktus media”нын эсеби боюнча партияда 29 эл өкүлү бар. Ал эми талапкерлердин ар бир төртүнчүсү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары. Андай болсо учурдагы программага жазылган убадаларды мурда ишке ашырганга эмне тоскоол болду эле, деген суроо туулат. 


Өлкөнү коррупционерлерден тазалоо 


Кыргызстандын элине 30 жыл бою тонолгон өлкөнүн байлыктарын кайтаруу жана жепжутарларды жоопкерчиликке тартууну “Мекенчил” партиясы убадалап жатат. 

 “Биз мамлекетибизди паракорлордон тазалайбыз.   Андыктан биздин башкы ураан “Бийлик – элге, уурулар түрмөгө!” – деп айтылат партиянын программасында. 



Алгач белгилей кетсек,  30 жыл бою тонолгон байлыкты кайтаруу жана мамлекетти коррупционерлерден тазалоо, бул эки башка  багыт. Өзгөчө экинчисин ишке ашыруу аябай оор. Биринчиси болсо популисттик убада. Маселен, партия кантип качкында жүргөн президенттерди, депутаттарды жана чиновниктерди жоопкерчиликке тарта алат? Ал эми жарыкчылык менен кош айтышкандарды кантет? Бул жагдайлар тууралуу программада кымындай да сөз айтылган эмес. 


Politmer.kg саясий партиялардын шайлоо алдындагы убадаларын анализ кылууну уланта бермекчи. Алардын ичинен айкырыгы таш жарган, бирок кур сөздөргө сугарылгандарын ачыктап турат. 








Жаңылыктарга жазылыңыз