Шайлоо 2020: Саясий партияларда айымдардын саны, алардын билимдүүлүгү жана кесиби.

14.09.2020 16:11

"Ооганстан согушунун ардагерлери" саясий партиясында аялдардын катыштыгы 42 пайызды түзөт. Бул учурдун жогорку көрсөткүчү. Ал эми «Республика», «Биримдик, «Мекеним Кыргызстан» жана «Чон Казатта» аялдардын пайызы аябай төмөн - 30%. Бирок 16 партияда тең талап кылынган аялдардын квотасы сакталган. 


Билими

 

Саясий партиялардагы аялдардын 81 пайызы жогорку билимдүү, бакалавр же магистр даражасына ээ. Ал эми эркек талапкерлердин арасында жогорку билимдүүлөр көбүрөөк, 88 пайызды чапчыйт.  


Жумушсуздардын саны 


“Бүтүн Кыргызстан” партиясында жумушсуз аялдардын саны жогору - 68%,  «Мекеним Кыргызстанда» - 65%, «Ата Мекенде» - 64% жана «Республикада» - 50%. Эң аз жумушсуз аялдар катталган партия “Реформа” саясий партиясы - 10%. «Чон Казатта» болсо - 17%, «Биримдик» - 17%  жана «Ыйман Нуру» - 19%.




Жаңылыктарга жазылыңыз