Шайлоо 2020: телетаймашта партия өкүлдөрү кайсы сөздөрдү көбүрөөк колдонот

15.09.2020 11:59

2020-жылдын 14-сентябрында Коомдук телеканалда депутаттыкка ат салышкан партиялардын жаш өкүлдөрү ортосунда телетаймаштар башталды. Дебаттардын биринчи күнүндө "Реформа", "Кыргызстан", "Афган согушунун ардагерлери", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштары катышышты.  

Politmer телетаймашта ар бир өкүлдүн сүйлөгөн сөзүнө анализ жасап алар кайсы сөздөрдү көбүрөөк колдоноорун эсептеп чыкты. 

Анализ көрсөткөндөй «Реформа» партиясынын өкүлү Эркин Нурбаев партиясына абдан берилгендигинин белгисиби же чындап эле өлкөдө реформанын болушун каалайбы, айтор ушул сөздү эфирде жыйырмадан ашык жолу кайталаган экен.

"Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү Эльнура Алканова "ГКНБ, АКС, мен" деген сөздөрдү, кеминде ондон ашык жолу айтты. ГКНБ- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, АКС-Коррупцияга каршы кызмат.



“Мекен Ынтымагы”  партиясынын өкүлү Мухаммед Агибаев өзү мүчө болгон партиянын лидери тууралуу сөз жүргөндө "саясий сабаттулук" деген сөз айкалышын дагы кайталап жатты - кеминде 7 жолу.



Бегаим Ташматова "Афган согушунун ардагерлери"  партиясынын өкүлү.  Ал өз сөзүндө графикадан көрүнүп тургандай "мугалим" деген сөздү 13 жолу кайталады. 


 “Кыргызстан” партиясынан  Алмаз Раимбеков "жаштар" деген сөздү башкаларга караганда эң көп колдонду - 13 жолу. Ошондой эле "Санарип Кыргызстан" деген сөз айкалышын 11 жолу айтты. 



Жаңылыктарга жазылыңыз