Шайлоо 2020: Партия алмаштырган көчмө-депутаттардын антирейтинги

16.09.2020 13:26

Шайлоого катышып жаткан партиялар депутаттыкка көрсөткөн талапкерлер арасында Жогорку Кеңештин учурдагы 84 депутаты бар. Аламан жарыштын алдында алар чилдей тарап, ар кайсы партиялардын катарына кирип кетишти. 

Politmer.kg парламенттин учурдагы депутаттарынын ичинен кимиси партия ооштурмай жагынан тажрыйбасы мол экенин иликтеди. 


 «Биримдикке» миграция 

Партия котормой жагынан алдына ат салдырбагандардын көпчүлүгү шайлоо алдында “Биримдик” партиясынын катарын толукташты. Бул партиядан БШКга сунушталган талапкерлердин тизмесинен көчкөндү жакшы көргөн 8 эл өкүлүн көрө алдык. КСДПдан “Биримдикке” партия которгондор Азамат Арапбаев, Бактыбек Жетигенов, Айнуру Алтыбаева жана Өмүрбек Бакиров. Ал эми “Республика-Ата-Журттан” Динара Исаева, Пархат Тулендыбаев жана Нурбек Тотонов. Исхак Пирматов бул саам “Бир Болду”  чанып, “Биримдиктен” орун тапты. Жогорудагы депутаттар кеминде үч жолудан партия алмаштыргандар. 

Башка партияларга болгон миграция 

“Мекеним Кыргызстандын” тизмесинен партия алмаштыруу боюнча алдыга чыккандардын бири Иса Өмүркуловду көрүүгө болот. Ал бешинчи чакырылыштан башкасынын баарында эл өкүлү болууга жетишти. Ошондой эле бул партияга өткөндөрдүн бири Мирлан Бакиров. Ал төртүнчү чакырылышта “Республиканы” туу тутса, бешинчи чакырылышта “Өнүгүү-Прогресстен” депутаттык креслону ээлеген.  

“Замандаш” партиясынан болсо замандан артта калбаган, партия алмаштырууну жакшы билген Улугбек Ормоновду кездештирдик. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары жана “Ак-Жол”, “Бир Бол” партияларынан да депутат болгон.      

“Социал-демократтардан” Анвар Артыков орун тапты. Ал бешинчи чакырылышта “Ар-Намыстан", алтынчыды КСДПдан эл өкүлү болгон.  

“Кыргызстанга” көчкөндөрдүн бири Талант Мамытов. Ал бешинчи чакырылышта “Ата-Журттан” чыкса, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Республика-Ата-Журттан”  депутат мандатына ээ болгон. 



Жаңылыктарга жазылыңыз