Ата Мекен

Өмүрбек Текебаев түптөгөн «АТАМЕКЕН» социалисттик партиясы Кыргызстанда мүчөлөрүнүн саны гана эмес, алпарган иши, коомчулукта кадыр-баркы, бедели боюнча да алдыңкы орунду ээлеген партиялардын бири. Түптөлгөндөн берки ишмердиги менен Кыргызстандын шартында да дүйнөлүк моделге ылайык партия түзсө болоорун далилдеп келет.

СССРдин акыркы президентинин либеризациялоого багытталган реформаларынын мыйзамченемдүү жыйынтыгы – мурдагы советтер союзунда 1985-жылдан тарта көптөгөн коомдук-саясый уюмдардын жаралышы болгон. Антикоммунисттик жана антитоталитардык идеялар менен бириккен ал уюмдар коммунисттик советтик системаны уратууну максат кылышкан. Борбордук Азияда мындай процесстер өлкөнүн европалык бөлүгүнө караганда 1-1,5 жылга кечирээк башталган. Кыргызстанда демократиялык маанайдагы уюмдар 1988-89-жж. пайда болуп, 1990-жылдын 26-майында алар Кыргызстан Демократиялык кыймылына (ДДК) биригишкен. ДДК Кыргызстан элин саясый, социалдык, руханий кордоодон кутултууга, эрктин, ой-пикирдин эркиндигине жана өз күчүнө болгон ишенимге ээ кылууга зор салым кошкон. Бул менен Кыргызстан Демократиялык кыймылы бир гана уюм чегинен ашып, жалпы жана кайталангыс мүнөз алган.

Кыргызстан эгемен жана көзкарандысыз мамлекет болуп жарыяланган соң, Кыргызстан Демократиялык кыймылынын башкы программалык максаттары жалпы Кыргызстандын мамлекеттик саясатынынын негизин түзүп калган. Жаңы мамлекет куруу, башкаруунун демократиялык системасынын жолдорун издөө, жарандык коомду түзүү, эркин, атаандаш рыноктук экономикалык системага багыт алуу коомдогу көзкараштардын, пикирлердин бөлүнүшүнө жана көбөйүшүнө алып келген.

Кыргызстан Демократиялык кыймылынын II съезди өтүп аткан кезде жаңы мамлекетти, социалдык-саясый жана экономикалык системаны куруу маселери боюнча конкреттүү максаттарга ээ топтор «Эркин Кыргызстан» деп аталган алгачкы демократиялык партияга биригишкен (10.02.91). Ал негизделген съездде республиканын бардык облустарынан келген 104 делегат катышып, төрагалыгына элдик депутат Өмүрбек Текебаев шайланган.

«Эркин Кыргызстан» (ЭрК) демократиялык партиясы көзкарандысыз Кыргызстандын тарыхында алгачкы саясый партия катары 1991-жылдын 10-апрелинде мамлекеттик расмий каттоодон өткөн. Жаш мамлекетти куруу процесстеринде күтүлбөгөн көптөгөн кыйынчылык, көйгөйлөрдү жаратты.

Өлкөнү кризистен алып чыгуу жолдорун издөө ошол алгачкы партиянын ичинде эле эки агымды пайда кылат:

Биринчиси – радикалдуу-патриоттук агым өлкөнүн бардык катмарында оор кырдаал экенин жарыялап, заманбап, бай мамлекет куруу максатына жетүү үчүн радикалдуу жолду тандаган – парламентти таркатуу, президенттин жана өкмөттүн отставкасы жергиликтүү административдик бийликти «жаңы демократтар» менен алмаштыруу, ж.б.

Ал эми экинчиси – солчул либералдык көзкарашта болуп, төмөнкү принциптерди карманган:

l коомдун эволюциялык реформаланышы; l көйгөйлөрдү чечүүдө консенсуска жетишүү; l күчтүү мамлекеттик бийлик l күчтүү мамлекеттик социалдык саясат (байларга – эркиндик, кедейлерге - камкордук)

1992-жылдын 7-ноябрындагы өзүнүн II съездинде «ЭрК» партиясы өз алдынча эки саясый партияга бөлүнгөн. Солчул-либералдык топ «АТАМЕКЕН» партиясына биригип, ошол жылдын 16-декабрында мамлекеттик каттоодон өткөн. Төрагалыгына Камиля Кененбаева шайланган.

1994-жылдын 19-ноябрындагы «АТАМЕКЕН» партиясынын II съезди төрагалыкка Өмүрбек Текебаевди бекиткен. Ошол съездде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына – 35, ал эми Эл Өкүлдөрү жыйынына – 53 адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Партия тарабынан көрсөтүлгөн 5 адам депутат болуп шайланган, алардын үчөө «АТАМЕКЕН» мүчөлөрү эле.

Ошол мезгилдерде партия Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамында 5 депутат-партия мүчөлөрү менен парламенттеги 15 пайыздан көбүрөөк добушка ээ болчу. Бул ошол кезде палатадагы эң ири фракция эле.

1995-жылдын 18-ноябрында «АТАМЕКЕН» партиясынын кезексиз III съезди өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын президенттигине төрага Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Партия мүчөлөрү жетишерлик кол топтоп, Ө.Ч. Текебаевдин талапкерлиги БШК тарабынан катталат. Бирок, кийинчерээк, а кишинин талапкерлиги Жогорку сот тарабынан негизсиз алынып салынат.

1998-жылдын 14-февралындагы партиянын IV съездинде партиянын тиби өзгөртүлүп, «АТАМЕКЕН» социалисттик партиясы деп аталып калган. Ошол күндөн тарта аталган партия Кыргызстандагы партиялардын көч башында. Коомдогу ар бир процесс бул партиянын көз жаздымында калалек. Бийликтин эки жүздүү саясаты, коррупция, коомдогу терс көрүнүштөр менен тынымсыз күрөш жүргүзүп келатат.