Мекенчил 7-чакырылыш
Саясий партиянын кыскача аталышы: “Мекенчил” СП
Биридиктүү юридикалык жактардын реестрине киргизилген датасы:
Саясий партияны түзүү жолу: Уюштуруучулардын саясий партия түзүү чечими
Уставды кабыл алуу күнү: 29.04.2010 г.
Каттоого алынган аймактын бөлүмдөрдүн саны: 9
Туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган: Саясий кеңеш
“Мекенчил” саясий партиясы
Байланыш маалыматтары:
Адрес: Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 100
Телефон: 0550 516 516
Коомдук кабылдама: Бишкек ш., Фатьянов көч., 170/3
Интернет желесиндеги байланыш -
Расмий сайт: -
Саясий партиянын төрагасы: Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
Автобиография.
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 1968-жылдын 27-сентябрында Жалал-Абад областынын Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университетин жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
- 1993–1995 — Жалал-Абад областынын Сузак районундагы айыл чарба продукцияларын дардоо боюнча фирманын директору.
- 1995 — Өндүрүштүк-коммерциялык фирманын Башкы директору.
- 1998 — Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын Ишкерлик жана инвестиция Департаментинин директору.
- 2000–2002 - айыл чарба кооперативинин башкармалыгынын төрагасы.
- 2002–2003 — КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин жардамчысы.
- 2003–2005 — Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин орун басары, акимдин 1-орун басары.
- 2005–2007 —Жогорку Кеңештин депутаты, отун-энергетикалык комитетинин төрагасы. 2007–2009 — КР Өзгөчө кырдаалдар министри.
- 2008–2009 — КР Коопсуздук кеңешинин мүчөсү, ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин төрагасы.
- 2010–2013 —Жогорку Кенештин депутаты, ““Ата-Журт” депутаттык фракциясынын лидери.
- 2012–2013 — ЖК экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин мүчөсү.
II класстагы Мамлекеттик кеңешчи, аскердик наамы: “Генерал-майор”.
КР Бокс федерациясынын вице-президенти.
Турмуштук абалы: үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Саясий партиянын максаты: Кыргыз Республикасында эркиндик жана жоопкерчиликтин негизинде атуулдук коом куруу.
Жетекчилик органдар жана структурасы тууралуу маалымат: Саясий кеңеш
Саясий партиянын жаштар канаты: “Мекенчил” саясий партиясынын жаштар канаты – өзүнө ишенген, өз жөндөмүн көргөзө алган жаш адамдардын келечегин ачууга көмөк көрсөтөт. Бул саясий тармакта өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк ачат, жашаган район, шаарынын лидери катары чыгуусуна түрткү бере алат. Күчтүү, энергиясы бай жаштар мамлекеттин өнүгүүсүндө башкы ролдорду ойнойт. “Мекенчил” партиясынын жаштар канаты жаш адамдарга өзүн көрсөтүүгө жол ачып берет.
Саясий партиянын шайлоолорго катышуусу (саясий партиянын өкүлдөрүнүн шайлоо кызматтарында жана органдарында туруусунун хронологиясы жана сандык катышы): катышкан эмес.
“Мекенчил” саясий партиясынын лидери К.Ташиев