Өнүгүү-Прогресс

"Өнүгүү-Прогресс" өзүн оң-борборчул партия катары эсептейт.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты Бакыт Төрөбаев түзгөн "Өнүгүү" коомдук кыймылы кийин саясий партияга айланган. 2012-жылдын 1-февралында өткөн биринчи съездинде партия "Өнүгүү-Прогресс" деген жаңы аталышка ээ болгон. 2015-жылдын июлундагы маалыматтарга караганда, ага 25 миңден ашык адам мүчө.

Партиянын лидери — депутат Бакыт Төрөбаев. Ага учурда ЖКнын V чакырылышындагы парламентарийлер Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Абдулатип Режевалиев кирет.

2012-2013-жылдары партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан. Бүгүн Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Кара-Көл, Кербен, Майлуу-Суу, Өзгөн, Таш-Көмүр жана Токтогул шаарларынын кеңештеринде "Өнүгүү-Прогресстин" 65 мүчөсү депутат.

Партия өзүнүн расмий сайтында тартип, мыйзамдуулук, экономикалык өнүгүү жана социалдык адилеттик үчүн күрөшө турганын жарыялайт. Өз ишинде артыкчылык мааниге ээ деп жарандардын коопсуздугун, мыйзамдарды сактоону, бийлик менен ишкердиктин жана коомдун ортосундагы тең укуктуулукту, иш орундарын түзүүнү жана материалдык жыргалчылыктарды калыс бөлүштүрүүнү эсептейт.