СДПК

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) — өлкөдө мүчөлөрү эң көп партия. 2015-жылдын башында анын мүчөлөрү 40 миң адамдан ашкан. Партия 1993-жылы 1-октябрда түзүлүп, 1994-жылы 16-декабрда расмий каттоого алынган.

Башынан КСДП курамына кыргыз интеллигенциясынын, ошондой эле ишкер чөйрөсүнүн жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү кирген. Партияны түзүүдө демилгечилер Абдыганы Эркебаев, Алмазбек Атамбаев, Ишенбай Кадырбеков, Абдыжапар Тагаев жана башка бир топ адамдар болгон.

КСДП мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бардык чакырылыштарына шайланган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында партия 26 мандатка ээ болгон.

2010-жылдагы окуялардан кийин анын лидери Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьерлигине, андан соң өлкөнүн премьер-министрлигине дайындалган. 2011-жылы декабрда Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланганына байланыштуу партиянын мүчөлүгүнөн чыгып, анын төрагалыгынан баш тарткан. Бул милдетти азыр Жогорку Кеңештин V чакырыгында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков аткарып келе жатат.

Акыркы жылдары партия жергиликтүү шайлоолорго активдүү катышып, жергиликтүү кеңештерге 400дөн ашык депутат шайланган.

Партия өзүнүн расмий сайтында тартип, мыйзамдуулук, экономикалык өнүгүү жана социалдык адилеттик үчүн күрөшө турганын жарыялайт. Өз ишинде артыкчылык мааниге ээ деп жарандардын коопсуздугун, мыйзамдарды сактоону, бийлик менен ишкердиктин жана коомдун ортосундагы тең укуктуулукту, иш орундарын түзүүнү жана материалдык жыргалчылыктарды калыс бөлүштүрүүнү эсептейт.