Убада
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кирешелерин ачык көрсөтүү механизмдери ишке киргизилет
Убаданын мөөнөтү: 09.12.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 18.08.2018
байкоодо

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кирешелерин ачык көрсөтүү механизмдери ишке киргизилет

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата жарандарга өзүнүн кайрылуусун жолдогонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде президент мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев түзгөн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты улантарын айтканы белгиленген.

"Парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда автоматташтыруу системасы саясий коррупцияга карата күчтүү курал экенин жакшы түшүндүк. Эми көпчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү тездетүү керек. Бул нерсе коррупцияга катуу сокку болот. Ошондуктан "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу эң маанилүү тапшырма", — деди Жээнбеков.




Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%