Убада
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуу китептери үчүн 40 миң евро акча бөлүү мүмкүнчүлүгүн чечүү
Убаданын мөөнөтү: 17.01.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 01.01.2016
аткарылды

Парламентте Европа биримдиги тарабынан Кыргызстанга билим берүү секторунун реформасына 36 млн евро бөлүү келишимин ратификациялоо талкууга алынды. Бул сумманын 30 млн евросу республикалык бюджетти колдоого, ал эми 6 млн евросу долбоорду ишке ашыруу боюнча техникалык жардам катары сарпталмакчы.

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) бул каражаттын 40 миң евросун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын окуу китептерин чыгарууга жумшоону сунуштады. Каржы министри Адылбек Касымалиев бул жагын карап чечүүгө убада берди.

Жыйынтык

Касымалиев Адылбек Алешович

КР мурдагы финансы министри 

Убадалардын саны: 10
50.00%
20.00%
30.00%