Убада
Кыргызстандык спортчулардын арасында "легионерлер" болбойт
Убаданын мөөнөтү: 12.01.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 12.01.2018
байкоодо

30 ноябрда парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев («Республика – Ата-Журт») чет элдик спортсмендерди Кыргызстандын курама командасына кошуп, Олимпиада оюндарына катыштырууну токтотууну сунуштады. Анын айтымында Олимпиада жакындаган сайын кыргызстандыктар өлкөгө тиешеси жок спортчулардын ысымын уга байштайт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов бул туурасында өз пикирин билдирди: "Мен толугу менен сизди колдойм. Биз жалаң гана кыргызстандык спортчуларды тарбиялашыбыз керек. Учурда агенттик жаңы легионерлерди кабыл албайт".

Аманкулов Канат Маратович

КР өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси

Убадалардын саны: 8
0.00%
75.00%
25.00%