Убада
Cаясий эрк менде бар, мен коррупция менен күрөшкө даярмын!
Убаданын мөөнөтү: 08.02.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 12.02.2018
байкоодо

Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда калайык-журтум менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат. Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек.Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч - Президенттин саясий эрки! Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында “Коррупция менен күрөшүү - менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” деп айткам. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын! Силерден да Кыргызстанбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам!

2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук Кеңештин жыйынында билдирүүсүнөн


Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 110
13.64%
68.18%
18.18%