Убада
Түркиядагы кыргызстандыктар иштеген жылдары үчүн пенсия ала алат
Убаданын мөөнөтү: 10.04.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылды

Өлкө башчы Кыргызстан Түркия менен бардык багытта кызматташа турганын белгиледи

АНКАРА, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар Түркияда иштеген жылдары үчүн пенсия ала алат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков документтерге кол коюлгандан кийин журналисттерге билдирди.

Буга чейин мамлекет башчынын Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында алты документке кол коюлган болчу.

Глава Турции Реджеп Тайип Эрдоган перед встречей с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым в Анкаре

© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

Эрдоган: Жээнбеков Гюллендин уюмуна каршы күрөштү күчөтөрүнө ишенем

Өлкө башчынын айтымында, ал документтердин арасында Түркиядагы кыргызстандык мигранттар иштеген жылдары үчүн пенсия алууга мүмкүнчүлүк түзгөн келишим дагы бар.

Ал ошондой эле эки мамлекет келечекте бир катар тармактар боюнча, анын ичинде аскерий жана социалдык багыт тармагында кызматташуу бекемдей туганын бегиледи.

Жээнбеков быйыл Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленерин айтып, түрк делегациясын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып өттү.




Жыйынтык

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын эки тараптуу тааный баштайт

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт.

«Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш», - деди Соцфонддун өкүлү.

Ушу тапта Түркияда 14,5 миӊ кыргыз жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны иштейт. Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%