Убада
Билим берүү мекемелерине ачык бюджетти киргизүү
Убаданын мөөнөтү: 17.04.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
байкоодо

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын 93%ы даяр болду. Бул туурасында 16-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жогорку окуу жайлар жана атайын орто билим берүү мекемелери боюнча маалымат базасынын 94%ы, бала бакчалар боюнча - 94,7%, ал эми профессионалдык лицейлер тууралуу -100% маалымат даяр.

Аталган маалымат системасы министрликтин кызматкерлеринин ишин жеңилдетет жана ыкчам түрдө билим берүү министрлигинин иши тууралуу маалымат алганга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим минстрлиги билим берүү мекемелериндеги бюджетти коомчулукка ачарын билдирди. Бул кадамдын жыйынтыгында ата-энелер жана окуучулар мектептердин, бала бакчалардын жана жогорку окуу жайларынын бюджетин online көрө алышат.


Кудайбердиева Гульмира Каримовна

Билим берүү жана илим министри

Убадалардын саны: 25
12.00%
40.00%
48.00%