Убада
Жемкорлук менен күрөштү прокуратурадан баштоо
Убаданын мөөнөтү: 25.04.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 01.09.2018
аткарылды

Башкы прокуратура жемкорлук менен күрөштү биринчи ирээт өзүнөн баштайт. Бул туурасында бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Парламент Ө.Жамшитовдун башкы прокурор болушун колдогон.

"Биз коррупция менен күрөшүүнү биринчи кезекте өзүбүздөн баштайбыз. Мен мыйзам чегинде иштейм деп ишендире алам. Конституция жана мыйзамдар биздин досторубуз жана туугандарыбыз. Жарандардын укугу, эркиндиги жана кызыкчылыгы биз үчүн маанилүү ", - деди өлкөнүн жаңы башкы прокурору.


Жыйынтык

Башкы прокурор  өз ишинде келтирген мүчүлүштүктөргө байлыныштуу 49 кызматкерге карата чара көрдү. 

Жамшитов Откурбек Асилбекович

КРнын башкы прокурору

Убадалардын саны: 8
12.50%
37.50%
50.00%