Убада
Резонанс жараткан саясий иштерди кайрадан карап чыгуу
Убаданын мөөнөтү: 13.06.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2018
аткарылган жок

Өткүрбек Жамшитов КРдин Башкы прокурору болуп дайындалды. Мындай жарыкка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жамшитовдун талапкерлигин карап, депутаттар 109 добуш менен колдоп беришкен. Башкы прокурор депутаттарга резонанс жараткан саясий иштерди кайрадан карап чыгууну убада кылды.





Жыйынтык

Жогорку сот "Ата Мекендин" абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин Текебаевдин жана Чотоновдун жактоочулары алардын иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керектигин белгилеген.

Адвокат Жаныбеков буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке какты.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов сот чечимди жогору жактын көрсөтмөсү менен чыгарды деп билдирди.

"Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, Чотонов, Жапаровдун иштери саясий, резонанстуу, коомчулуктун көңүлүн бурган, эл аралык институттарда каралып жатат. Бүгүнкү күнү сот мыйзамга баш ийбей, жогору жактын буйругу менен өкүм чыгарганын далилдеди. Бул саясий топтун чечими", - деди Шыкмаматов.

Жамшитов Откурбек Асилбекович

КРнын башкы прокурору

Убадалардын саны: 8
12.50%
37.50%
50.00%