Убада
Бүгүн өкмөттүн жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Рыскулов Улан энергокомпаниялардын чыгымдарын азайтып, электроэнергияга болгон бааны оптималдаштыруу керектигин билдирди. Ага жооп катары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бааны көтөрүүдөн мурун энергосекторго болгон элдин ишенимин кайтаруу керектигин айтты.