Убада
Мырзакматов жана Бабанов эртели-кеч кармалат
Убаданын мөөнөтү: 31.05.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
байкоодо

"Мелис Мырзакматов жана Өмүрбек Бабанов эртели-кеч кармалат", - деп бүгүн, 31-майда маалымат жыйынында Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев айтты.

Учурда эки саясатчынын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. "Бабанов жана Мырзакматовдун күнөөлөрү тергөө органдары тарабынан далилденсе, алар жоопкерчиликке тартылат. Эртели-кеч кармалып, Кыргыз жерине алып келинет", - деди Сагынбаев.

Айта кетсек, 2014-жылы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мырзакматов өлкөдөн сыртка чыгып кетип, кайтып келе элек. Ош шаардык соту аны сыртынан 7 жылга соттогон. 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановго кылмыш иши ачылып, Бабанов дагы өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбей жүрөт.

Сагынбаев Дамир Казакович

Коопсуздук кеңешинин катчысы

Убадалардын саны: 2
0.00%
50.00%
50.00%