Убада
Коррупцияга каршы күрөштү туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзүү
Убаданын мөөнөтү: 19.07.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
байкоодо

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ал акыркы жылдарда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлгөнүн айтып, бул потенциалды сактап калуу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү убактылуу «өнөктүккө» айланбоосу керек экенин белгиледи.

«Бийликтин бул жааттагы максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Бүгүн сиздер менен бирге айткым келет: Бул иш убактылуу эмес! Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз! Биз бул күрөштү аягына чыгарабыз! Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек. Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%