Убада
Балыкчы шаарын таза суу менен камсыз кылуу
Убаданын мөөнөтү: 02.08.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 02.08.2020
байкоодо

Жогорку Кеңештин депутаттары Дюшалиев Абдыбек, Жамангулов Акылбек, Жунус уулу Алтынбек, Сабиров Максат, Турусбеков Бактыбек жана Узакбаев Абылкайыр Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар шаардагы таза суу көйгөйүнө эл өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу үчүн жолугушууга бир банка кир суу алып келишкен.

Бул маалыматты ЖК депутаты Максат Сабиров Kaktus Media агенттигине берген интервьюсунда тастыктаган. Анын айтымында Балыкчы шаарынын тургундары жер астындагы таза сууну эмес, аккан сууну пайдаланышат, ал эми кар ээриген соң, суу кир өңдөнүп калат.

Таза суу менен камсыз кылуу программасынын алкагында Ысык-Көл шаарларына жер астынан суу чыгаруу жана түтүктөрдү орнотуу максатында каражат бөлүнүп берилет. Депутаттын айтымында, Балыкчы шаары 5,3 млн евро грант алат, ал эми мэр 2 жылдын ичинде шаар таза суу менен камсыз болот деп убада берген.

Мамбетов Алмаз Ишенбекович

МКК башчысы,  Балыкчы шаарынын мурдагы мэри

Убадалардын саны: 1
0.00%
100.00%
0.00%