Убаданын мөөнөтү:
05.10.2018
Аткарылуу мөөнөтү:
31.12.2037
Министрлер кабинетинде тартип орнотоорун окмотбашчылыкка талапкер Темир Сариев убада кылды.
Сариев өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басарын жыйындан кууп чыкты
Премьер-министр Темир Сариев 21-августта өкмөттүн жыйынында өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакуловду кууп чыкты. Анын себебин Исакулов журналисттерге төмөндөгүдөй түшүндүрдү: "Финансы министри Адылбек Касымалиев министрлер кабинетине "урматтуу депутаттар" деп жаңылып кайрылды. Бул учурда артта отурган кесиптештер күлүп жибергенде, мен аларды карап "Тынчтангыла", - дедим эле. Ошол себпетен улам Темир Сариев мени жыйындан айдады".
Эскерте кетсек, мындан үч ай мурун Коопсуздук жана укук тартибин бекемдөө боюнча кеңештин жыйынында премьер-министр ИИМ кызматкерин кууп чыккан.