Убада
Мындан ары мамлекеттик мекемелер бала бакчалардын имараттарында жайгаштырылбайт
Убаданын мөөнөтү: 17.08.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2018
байкоодо

Борбордогу 6-кичи райондогу мурунку балдар бакчасында учурда – Октябрь райондук Социалдык фонд башкармалыгы, ал эми 11-кичи райондо Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын фонду жайгашкан.

Белгилесек, республика боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелерин мамлекеттик же муниципалдык менчикке кайтаруу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу иретинде жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте мамлекеттик менчикте турган жана максатсыз пайдаланылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 73 имаратын бошотуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Убадалардын саны: 36
19.44%
55.56%
25.00%