Убада
Ипотека турак-жайга муктаж болгондун баарына 6% үстөк менен берилет
Убаданын мөөнөтү: 21.09.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 01.06.2019
байкоодо

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда Чүй облусунун Кемин районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда Мамлекет башчысы атактуу Кемин жергесинин куту — элинде, касиеттүү жеринде экенин, бул аймактан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө баа жеткис салымын кошкон улуу тарыхый адамдар чыкканын белгиледи.

Ал калкка ипотекалык насыяларды берүү иши кийинки кезде солгундап кеткенин айтып, бирок ипотека берүү ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Мамлекет башчысынын айтымында, азыр берилип жаткан ипотекалык насыялардын үстөгү 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөтүлүп, ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана эмес, турак-жайга муктаж башка жарандарга бериле баштайт.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%