Убада
Пенсионердин жеке электрондук кабинети 2019-жылдын июль айында иштеп баштайт
Убаданын мөөнөтү: 19.11.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 01.07.2019
байкоодо

Пенсионердин жеке электрондук кабинетин иштеп чыгууга 10 млн 400 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Программа ишке кирген соң пенсионерлер интернет аркылуу аларга кандай пенсия эсептелингенин көрө алышат жана Соцфондго келбей туруп өз макулдугун бергенге мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары 2019-жылдын январь айынан баштап пенсияга чыгуу үчүн документтердин тизмегин Соцфонддун кызматкерлерин топтоого милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет.

Ирсалиев Медер Эсенгулович

Социалдык фонддун төрагасы

Убадалардын саны: 1
0.00%
100.00%
0.00%