Убада
Кыргызстандын ар бир облустунда жакшы футбол талаасын куруу
Убаданын мөөнөтү: 25.01.2019
Аткарылуу мөөнөтү: 26.01.2023
байкоодо
ӨКМӨТ

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Азия кубогундагы оюндарынан соң, коомчулукта заманбап футбол стадионун салуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

Стадионду куруу жалгыз гана футболчулардын эмес, коомчулуктун да талабы болууда. Футболчулар Ала-Тоо аянтында күйөрмандар менен жолуккан учурда да калың эл өкмөттөн жаңы стадионду талап кылып, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин сөзүн бөлдү.

- Азыр мына “стадион” деп кыйкырып жатасыңар. Мен ойлойм стадион болот. Менин билишимче, президентибиз жакында стадион салуу боюнча чечим кабыл алат. Биз мындан ары Кыргызстандын ар бир облустарында жакшы футбол талааларын салганды күчөтөбүз,деген өкмөт башчынын сөзүн чогулгандар кызуу колдоду.

Жаңы стадионду куруу маселеси бүгүн эле чыга калган жери жок. Маселе 2015-жылдан бери өкмөттө айтылып келет. Ушундан улам бийликке ишенбей, жаңы стадион салуу демилгесин кезектеги тил эмизүү катары сыпаттагандар да жок эмес.

Убадалардын саны: 36
19.44%
55.56%
25.00%