Убада
Толкунбек Абдыгулов банк тарабынан кечирилген 5,5 млн сомду төлөп берет
Убаданын мөөнөтү: 26.02.2019
Аткарылуу мөөнөтү: 30.06.2019
байкоодо
МАМКОМПАНИЯЛАР

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга чейин жоюлган 5,5 миллион сом өлчөмүндөгү ссуданын калганын өз капчыгынан төлөп берет. Бул тууралуу ал өзү маалымат жыйында билдирди. 

Абдыгуловдун айтымында, кечирилген турак-жай ссудасы боюнча Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүп, эч кандай мыйзам бузуулар табылган эмес.

“Башкы прокуратура тарабынан бул боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ссуданы кечирүү мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгү тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок, бул маселе коомчулукта кеңири талкууланып, Улуттук банктын төрагасы катары менин ишмердүүлүгүмө гана эмес жалпы банктын аброюна таасирин тийгизди. Ошол себептен мен бул кечирилген ссуданы өз ыктыярым менен төлөп баштайм деген чечим кабыл алдым”, – деди Абдыгулов.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Абдыгулов 5,5 млн. сом көлөмдөгү турак-жай ссудасын алган. КРнын президентинин 2017-жылдын 26-августундагы жарлыгы менен ал КРнын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган. Анын саясий жетекчилик кызматка кетип жаткандыгына жана Улуттук банкта 10 жылдан ашык кызматтангандыгына байланыштуу банктын башкармалыгы 2017-жылдын 31-октябрынан тарта 4 млн. 824 миң сом өлчөмүндөгү ссуданын калдыгын тиешелүү салыктарды төлөө менен кечирүү чечимин кабыл алган.

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

КР Улуттук банктын төрагасы

Убадалардын саны: 5
0.00%
60.00%
40.00%