Убада
Кийинки жумада (ред.- 2019-жылдын 22-28-октябрында ) картошканын баасы өсөт
Убаданын мөөнөтү: 18.10.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 28.10.2018
аткарылган жок

Депутат Ирина Карамушкина насыяга жер иштеткен дыйкандар картошкаларын беш сомдон сата албай жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда түшүмдү жыйнабай койгон дыйкандар дагы бар, себеби техниканы ижарага алууга да каражат керек.

Дыйкандар эккен картошкасын сатып жатат, баалар дагы өсүүдө. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошка алуудан баш тарткандан кийин Айыл чарба министрлиги ыкчам аракеттерди көрбөгөндүгүн айткан. Анын билдирүүсүндө, учурда картошканы 5 сомдон дагы сата албай жаткан дыйкандардын көбү насыя алган. Учурда түшүмдү жыйнабай койгон дыйкандар дагы бар, себеби техниканы ижарага алууга да каражат керек.

Ал эми айыл чарба министри Нурбек Мурашев Өзбекстан жазгы гана картошкага чектөө киргизгенин, күзгү түшүмгө тыюу жоктугун билдирди.

"Өзбекстанда жазгы түшүм жетиштүү, күздө дефицит жаралгандыктан өткөн жумада сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тыюулар толугу менен алып салынды", — деди министр.



Жыйынтык

Былтыр фермерлер айыл чарба министринин сөзүнө ишенип, картошканы көп айдап, быйыл сызга отуруп калышты. Аларга Өзбекстан жарым миллион тонна картошка сатып аларын убада кылышкан. Бирок иш жүзүндө картошканын баасы өз наркынан да төмөндөп кетти. Бул ирет айыл чарба министри Нурбек Мурашев  соя, чечевица жана буурчак айдоо быйыл кирешелүү болорун билдирди. Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандар менен жолугушууда министр картошканын ордуна соя айдоону сунуштаган.



Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

КР мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри

Убадалардын саны: 8
75.00%
0.00%
25.00%