Убада
Соянын бир килограммынын баасы 100-120 сомго чейин чыгат, соя өстүргүлө
Убаданын мөөнөтү: 28.02.2019
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2019
аткарылган жок

Жакында эле айыл чарба министри соянын баасы 120 сомго чейин чыгарын, дыйкандарды картошканын ордуна дал ушул өсүмдүктү өстүрүүгө үндөгөн. Sputnik Кыргызстандын редакциясы соянын түшүмү кандай экенин жана чындап эле баасы 100-120 сомго чейин чыгар-чыкпасын тактап көрдү.

Былтыр фермерлер айыл чарба министринин сөзүнө ишенип, картошканы көп айдап, быйыл сызга отуруп калышты. Аларга Өзбекстан жарым миллион тонна картошка сатып аларын убада кылышкан. Бирок иш жүзүндө картошканын баасы өз наркынан да төмөндөп кетти. Бул ирет айыл чарба министри Нурбек Мурашев  соя, чечевица жана буурчак айдоо быйыл кирешелүү болорун билдирди. Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандар менен жолугушууда министр картошканын ордуна соя айдоону сунуштаган.

"Былтыркы 400 гектар соя айдоону быйыл 5 миңге чейин чыгарууну сунуштайбыз. Соя төө бурчак тобундагы өсүмдүк, бирок анын түшүмдүүлүгү бир, эң көп дегенде эки тонна чыгат, ал эми соянын түшүмдүүлүгү 3,5 тоннага чейин жетет. Бир килограммынын баасы 100-120 сомго чейин чыгат, бул абдан кирешелүү", — деп билдирген Мурашев.


Жыйынтык

Айыл-чарба жана мелиорация министри Нурбек Сурашев соянын баасынын төмөндөп кеткенин айтып чыкты. Ал дыйкандарга соянын баасы 100-120 сомго чейин болуп атат дегенден бери бир жумалык гана убакыт өткөн эле. Министрдин кезектеги кеңеши - көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү.  Мурашевдин айтымында аларды отургузуу натыйжалуу жана пайдалуу, ал эми түшүмү - жемиштүү. 

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

КР мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри

Убадалардын саны: 8
75.00%
0.00%
25.00%