Убада
Атамбаев менен күрөшөм, ага жетиштүү маалымат жана күч-кубатым бар
Убаданын мөөнөтү: 14.05.2019
Аткарылуу мөөнөтү: 30.09.2019
байкоодо
"КРЕСЛОСУ ЖОК" САЯСАТЧЫЛАР

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жасады: 

«Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз “Райым миллион” атка кондурдуңуз. Алланын колдоосу жана жеке аракетим менен бажы тармагында катардагы инспекторлук кызматтарды басып өтүп, Ош бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план-тапшырмаларды аткарып, иштеп жүрдүм. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз, Икрам досумдун колдооңуз аркылуу Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм, дегеле 2010-жылдан тарта сизге жана сиз колдогон партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим", - деди ал.

"Аягында айтарым, мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө жетиштүү маалыматтарым бар жана күч-кубатым жетишээрлик", - деп белгиледи Матраимов. 

Матраимов Райымбек Ысмайылович

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары

Убадалардын саны: 2
0.00%
100.00%
0.00%