Убада
Бийчи Фарух Садыркуловго ар тараптуу колдоо убада кылды
Убаданын мөөнөтү: 18.05.2019
Аткарылуу мөөнөтү: 28.09.2019
байкоодо

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды.

Мамлекет башчысы балет бийчисинин жетишкендиктери "баарыбыз үчүн чоң сыймык" экенин айтып, апасы Светлана Садыркуловага ыраазычылык билдирди.

Жаш талантка мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеп, президенттин энчилүү саатын тапшырды.

Садыркулов дүйнөдөгү эң эски бий мектептеринин бири - Агриппина Ваганова атындагы орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү. Ал бир нече эл аралык конкурстун лауреаты. Быйыл февраль айында Москвада жаш аткаруучулардын классикалык, элдик-сахналык жана заманбап хореография боюнча эл аралык сынакта биринчи орун алган.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын президентти

Убадалардын саны: 109
13.76%
68.81%
17.43%