Убаданын мөөнөтү:
20.05.2019
Аткарылуу мөөнөтү:
20.05.2023
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облустундагы Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда өлкөнү санариптештирүү боюнча сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Өлкө башчысынын айтымында электрондук система мамлекетке болгон сый-урматты жогорулатат. Мектеп, бала бакча жана башка мекемелерде бардык кызматтар автоматташтырылат. Анын ичинде пенсияны эсептөө жана алуу үчүн кезек күткөндөрдүн саны жоюлат.