Убада
Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун аракети боюнча чара көрөт
Убаданын мөөнөтү: 06.06.2019
Аткарылуу мөөнөтү: 30.06.2019
аткарылды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун аракети боюнча чара көрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бирок, кандай чара көрүлөөрү тууралуу алдыда дагы кошумча маалымат берилээрин айтышты.

Эске салсак, кечээ Т. Абдраимов Орок айылында ЖМК өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, бир журналисттин кебетеси жакпагандыктан ага эч кандай түшүндүрмө бербей турганын айтып, каткырган бойдон кетип калган. Өкмөттүн өкүлүнүн бул кылыгы коом жана журналисттер арасында дагы нааразычылык жараткан.

Ал эми бүгүн, 6-июнда, өкүлчүлүктүн имаратынын алдына келген журналисттер менен көпкө чейин жолукпай жатып, акыры макул болгон. Абдраимов Орок айылында кемсинткен журналисттен кечирим сурабай турганын жана ал кылыгы үчүн өкүнбөй турганын айтты.

Жаңжал 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (“Бейбаштык”) каттоого алынган.

Жыйынтык

10 июня 2019 года...

Полпред правительства в Чуйской области Туйгунаалы Абдраимов освобожден от занимаемой должности. Об этом сообщает пресс-служба правительства.

По данным пресс-службы, соответствующее распоряжение подписал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Напомним, во время беспорядков в селе Орок Чуйской области полпред региона Туйгунаалы Абдраимов оскорбил журналистку, заявив в кадре, что у неё неприятное лицо. Это вызвало возмущение общественности. В частности, активисты, журналисты и ряд депутатов потребовали отставки полпреда. Последний в свою очередь в своих интервью заявлял, что не считает себя виновным и не намерен извиняться под давлением.

Убадалардын саны: 36
19.44%
55.56%
25.00%