Убада
БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, кампанияга болжол менен 550 миллион сом жумшоо керек. «Шайлоо планга ылайык май айында өтөт. Ал эми Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум март айында, жергиликтүү кеңештерди шайлоого чейин өтүшү мүмкүн», — деди Тынчтык Шайназаров.
Шайназаров билдиргендей, Жогорку Кеңешти шайлоо күнүн президент белгилейт. «Мажоритардык-пропорционалдык система киргизилип жаткандыктан өлкө 45 округга бөлүштүрүлөт. Шайлоочуга эки бюллетень берилет, бирөөсүндө талапкер, ал эми экинчисинде партия үчүн добуш берет», — деди Тынчтык Шайназаров.
Эскерте кетсек, 10-январда Кыргызстанда президентти жана башкаруу формасын аныктоочу бүткүл элдик шайлоо болуп өттү. Шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров парламенттик шайлоо майдын аягына чейин өткөрүлөт деп белгилеген.