Убада
Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүп Кыргызстандын пайдасына иштетебиз
Убаданын мөөнөтү: 10.01.2021
Аткарылуу мөөнөтү: 15.01.2025
байкоодо
ПРЕЗИДЕНТ

Жапаров сегиз жыл мурда мамлекетке алуу ылайыктуу болмоктугун, азыр пайдасыз экенин айтты. Себеби алтындын кору калган жок.

Премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкер Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенин мамлекетке кайтаруу оюнан кайтканын билдирди.

Андан депутат Талант Мамытов "Кумтөр" маселесинин аягына чыгасызбы деп сурады.

"2012-жылы ЖК депутаттары комиссия түзүп, "Кумтөрдү" толугу менен мамлекетке кайтаруу маселесин алып чыкканбыз. Бирок 35 гана депутат колдоп өтпөй калган. Сегиз жыл мурда мамлекетке алсак болот эле, азыр алуу пайдасыз. Себеби алтындын запасы калган жок. Бул тууралуу эки жыл мурун адвокатым аркылуу журналисттер суроо бергенде мамлекетке кайтаруу позициямдан кайтканымды айткам. Белгилеп кетейин, өкмөткө келгенде эле ою өзгөрүп кетиптир дешпесин. Мен бул позициямды эки жыл мурда эле айткам. Бирок Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүп Кыргызстандын пайдасына иштетебиз", — деди Жапаров.



Убадалардын саны: 94
6.38%
79.79%
13.83%