Убада
Аконит менен дарылоодон баш тартпайбыз
Убаданын мөөнөтү: 26.04.2021
Аткарылуу мөөнөтү: 01.06.2021
аткарылды
ӨКМӨТ

Кыргызстан уу коргошунду дары катары колдонуудан баш тартпайт. Бул тууралуу 26-апрелде Бишкекте өткөн пресс-конференцияда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

“Аконит менен дарылоодон баш тартпайбыз. Башка менен дарылоодон баш тартпайбыз. Башка өлкөлөрдө, Бельгияда, Францияда жана Орусиянын көп облустарында миң жылдардан бери аконит колдонулуп келген. Биздин Кыргызстанда да кылымдардан бери аконит колдонулган. Бүгүн саат 14тө президент өзү аконит боюнча интервью берет”.

“Азаттык” радиосу министрдин президент боюнча айтканына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун басма сөз кызматына кайрылып, азырынча жооп ала элек.

Жыйынтык
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович

КР саламаттыкты сактоо министри


Убадалардын саны: 20
10.00%
50.00%
40.00%