Убада
Мындан ары Кыргызстанда ооруканаларга келгендерге бахила бекер берилет
Убаданын мөөнөтү: 21.02.2022
Аткарылуу мөөнөтү: 21.02.2023
аткарылган жок
ӨКМӨТ
Мындан ары Кыргызстанда ооруканаларга келгендерге бахила бекер берилет.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
«Ооруканалар өз иштерин кылып жатышат. Бахиланы эл 10-20 сомдон алат, нандын баасы ошол эле. Ооруканаларда бахила дайыма зыяратчыларга бекер берилиши керек болчу», – деди Бейшеналиев.
Ошондой эле, эгер ооруканаларда бахила сатуу фактылары байкалса, башкы дарыгерди кызматтан алаарын, акысыз берилиши катуу көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.
“Ооруканаларда бахила сатуу фактылары байкалса, башкы дарыгерди кызматтан алам”, -деди министр.
Ошондой эле, Бейшеналиев бахила сатуудан пайда көргөн бизнесмендердин бардыгы аны жек көрө башташканын кошумчалаган.
Жыйынтык

В видеоматериале журналиста Сайпидина Султаналиева из редакции "Temirov life" приводятся доказательства тому, что бахилы в больницах города Бишкек все еще платные.

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович

КР саламаттыкты сактоо министри


Убадалардын саны: 20
10.00%
50.00%
40.00%