Убада
Авиакеросин төгүлгөн жер кыртышын сүрүп салуу
Убаданын мөөнөтү: 14.12.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 11.04.2017
аткарылды

ӨКМ Кубатбек Боронов керек болсо, авиакеросин төгүлгөн жердин үстүңкү катмарын сүрүп тазалоону убада кылды.

Эскерте кетсек, 18 жашар кыз жана 5 кичинекей бала авиация майы менен ууланган делип шаардык ооруканаларга түшүп дарыланууда. Бул боюнча дарыгерлер так жооп бере алышкан жок. Ал эми санэпидкозөмөлдөө органынын жетекчиси мындай болушу мүмкүн эместигин билдирди. Анткени адистер жергиликтүү аймакта экспертиза жүргүзушүп ушундай тыянакка келишкен. Ошентсе да, саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын-алуу боюнча департамент башчысы Төлө Исаков жергиликтүү элге аймактагы жер кыртышынын үстүңкү катмарын сүрүп салуу кеңешин берген эле. Боронов өз кезегинде, эгерде зарыл болсо, жер катмарын тазалоо иштерин жасай тургандыгын белгиледи:

"Авиакеросин бууланып кетет. Аны менен уулануу мүмкүн эмес эле. Ошентсе да, эгерде бизден талап кылынса, биз тазалоого күчүбүз жетет", - деди ал Zanoza.kg

Жыйынтык

Боронов Кубатбек Айылчиевич

КР бириничи вице-премьер министри

Убадалардын саны: 8
25.00%
25.00%
50.00%