Убада
Ар бир дыйкан 200 миң сомго чейин жылдык пайызы 6-8% болгон насыяларды ала алат
Убаданын мөөнөтү: 28.11.2017
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок

Бул туурасында 1-вице-премьер-министр Өмурбек Бабанов премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, АКШ дан 20 млн доллар, ал эми Кытайдан 5 млн долларгрант келе баштады. «Алгач мунун эсебинен 1 млрд сомду пайдаланууну ойлоп жатабыз. Ар бир дыйкан 200 миңге чейин сом ала алат", - деди ал.

Жыйынтык

Убада толук аткарылган жок, насыялар 9% менен берилди

Бул долбоордун 2011 жылы башталганы тууралуу "Айыл банктын" насыя берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Тезекбаева "Политмерге" билдирди. Анын айтымында насыянын максималдуу суммасы 200 миң сомду түзгөн. Жылына 9 % менен берилген. Фермерлер үчүн насыя пайызы жогору эмес, бирок дыйкандар насыя өлчөмүн жогорулатууну суранышкан.

Убадалардын саны: 81
23.46%
46.91%
29.63%