Убада
Көкташ-Аксай унаа жолунун курулуш иштерин токтотпойм
Убаданын мөөнөтү: 16.01.2013
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок

Баткен облусунун Баткен районунун аймагында курулуп жаткан Көкташ-Аксай унаажолунун курулуш иштерин токтотпойбуз. Мындай пикирин өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков Аксай айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Жолугушуу соңунда, Ж.Разаков Көкташ-Аксай унаажолунун курулушу менен таанышып чыкты.

Маалым болгондой, аталган унаажолдун курулуш иштери толугу менен жүргүзүлүп жатат жанан учурда ал жерде 7 даана жол куруу боюнча техника иштөөдө.

Кошумчалай кетсек, аталган унаажолунун узундугу 9 чакырымды түзөт.


2014-жыл….

21-январь….

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жолдун курулушу токтогон жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, азыр кезек жардыруу иштерине келди. Бул бир айдай убакытты талап кылат. “Ошондуктан техника жөн эле турбасын деп Ак-Сай – Рават жолун курууга алып кеттик”, – деди Мамытов.

Жыйынтык

2014-жылдын 3-июнунда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков  Көк-Таш- Ак-сай - Тамдык  авто жолунун курулушуна  тажик тарап тоскоол жаратып атканын 24.kg  агенттигине кабарлады.

Разаков Жениш Парпиевич

КР вице-премьер министри

Убадалардын саны: 7
85.71%
14.29%
0.00%