Убада
Бишкекте 2 жер өтмөктүн капиталдык ремонтун баштоо
Убаданын мөөнөтү: 11.01.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылды

Бишкек мэриясы Чүй проспектиси менен Манас проспектисинин жана Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер өтмөктөрдү капиталдык ремонттон өткөрүүгө сынак жарыялады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан МА жазып чыкты. Ремонт иштери 2017-жылдын апрелинде башталмакчы. Бул эки долбоорго жалпысынан 36,5 млн сом жумшалат. Жер өтмөктөрүндө соода орундары дагы каралган, бирок алардын саны азаярын билдиришти.

_______________________________________________________

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер өтмөгү оңдолуп башталган. Куруучулардын айтымында 2017-жылдын сентябрына чейин ремонту бүтөт.

Жыйынтык

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы жер астындагы өтмөк ачылды

13-октябрь күнү "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы жер астындагы өтмөк ачылды. 11-сентябрда Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги өтмөк ишке кирген.

Ибраимов Албек Сабирбекович

Бишкек шаарынын экс-мэри

Убадалардын саны: 39
51.28%
2.56%
46.15%