Убада
Эч качан бааны көтөрбөш керек, себеби бул чоң күнөө
Убаданын мөөнөтү: 01.10.2010
Аткарылуу мөөнөтү: 01.06.2017
аткарылган жок

«Эч качан бааны көтөрбөш керек, себеби бул чоң күнөө». Бул убаданы А. Атамбаев премьер-министр болуп, бирок президент болууну көздөп жүргөн учурунда эле берген.

«Эч качан бааны көтөрбөш керек, себеби бул чоң күнөө…Элге арзан энергия гана беребиз. Тарифтерди төмөндөткөнүбүзгө карабай, ал компенсацияларды бюджеттегилерге, пенсионерлерге 200 сомдон калтырдык, себеби алар үчүн бул акча», - деп президент 2010-жылы сүйлөгөн.

Мындай убадалар өткөн революциялардан соң берилген. Бакиевдин кланын кулатуунун бирден бир себеби электркубатынын тарифин көтөрүүсү болгон.

Ал убаданын берилгенине 6 жылдын жүзү болду.

Электркубатынын тарифи көтөрүлө тургандыгы тууралуу 2015-жылдын жазында кеп боло баштады. Жаңы тариф 2015-жылдын август айынан тарта күчүнө кирди. Бүгүнкү күндө жарандар үчүн электркубатын колдонууда лимит 700 кВт.с коюлган, эгерде абоненттер ушул лимиттен ашпаса 77 тыйын төлөшөт. Ал эми лимиттен ашыра колдону турган болсо 2,16 сомдон төлөп калышат.

Мындан тышкары, тарифтердин планын көрсөтүп жатып, өкмөт тарифтер мындан ары да көтөрүлө берээрин айткан. План боюнча, 2016-жылы 700 кВт.с чейин колдонгон абоненттер үчүн тариф 93,2 тыйынга чейин кымбаттаса, 2017-жылы – 1,21 сомго чейин.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктен ырастагандай, тариф жай мезгилинин аягына чейин өзгөрүлбөйт. Бирок тарифтердин арзандай тургандыгы жөнүндө кеп кылуу али эрте.

Жыйынтык

Убадалардын саны: 81
32.10%
9.88%
58.02%