Убада
Биздин фракция Конституцияга киргизиип жаткан өзгөртүүлөргө каршы добуш берет
Убаданын мөөнөтү: 03.05.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок

Бул туурасында Өнугүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйынтык

Өнүгүү-Прогресс фракциясынын айрым мүчөлөрү Конституциянын жаңы долбооруна "макул" деп добуш беришти(2016-жылдын 29-сентябры)

2016-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө добуш беришти. Буга чейин Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев анын фракциясы Конституциянын жаңы долбооруна каршы турат деп убада берген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча фракциянын мүчөлөрү Асылбаева Г.К., Жолдошбаев К., Юсуров А.Л. "макул" деп добуш беришкен, "каршы" добуш бергендер, Узакбаев А.О., Султанов А.М., ал эми жыйынга келбегендер, булар: Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек, Жутанов А.Т., Икрамов Т.И., Масалиев И.А., Шайназаров Т.У. жана Бакыта Төрөбаев.

Торобаев Бакыт Эргешевич

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери

Убадалардын саны: 22
45.45%
40.91%
13.64%