Убада
Оорукчан балдарын караган энелерге татыктуу жөлөк пул!
Убаданын мөөнөтү: 22.08.2018
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
аткарылган жок

Бул туурасындан Ата Мекен партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асия Сасыкбаева партиясынын атынан билдирди.

Жыйынтык

Майыптар жөлөк пулга бир ай жашай албайт

1-июлдан тарта майыптар үчүн жөлөк пул өлчөмү жогорулады. Бул тууралуу "Политмерге" Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИД менен ооруган энеден төрөлгөн балдар жана 1 -группадагы майыптар 4 миң сом жөлөк пул алат. 1-июлга чейин алар 3 миң сом алып келген. Ал эми 2-группадагы майыптар 3,3 миң сом, 3-группадагы майыптар 2,7 миң сом ала баштады.

Эске салсак, "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү парламенттик шайлоодо оорукчан балдарын караган ата-энелерге татыктуу жөлөк пул убада кылган эле. Партия лидери Алмамбет Шыкмаматов "Политмерге" билдиргендей, саясатчылар пенсия жана пособие өлчөмүн көбөйтөбүз деген популисттик убада берип келишет. Бирок бүгүнкү күндөгү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алышпайт. Каражат маселесин камтыган мыйзам долбоорлор өкмөттүн колдоосуна ээ болушу зарыл, - дейт эл өкүлү. Шыкмаматовдун айтымында татыктуу жөлөк пул кеминде минималду куржундун өлчөмүнө барабар болуш керек. Улуттук статкомитеттин маалыматына ылайык кыргызстандыктын жашоо минимуму бүгүнкү күндө 4900 сомду түзөт.


Убадалардын саны: 28
32.14%
53.57%
14.29%
Текебаев Омурбек Чиркешович

"Ата Мекен" партиясынын лидери, ЖК экс-депутаты