Убада
Биздин партия иштөөнү, жумушсуздукту жана жакырчылыкты жок кылууну билет
Убаданын мөөнөтү: 21.09.2015
Аткарылуу мөөнөтү: 31.12.2037
байкоодо

Бишкек шаарында Жогорку Кеңешке талапкер партиялар менен шайлоочулар арасында жолугушуу иштери жүрүп жатат. Шаарыбыздын Айни көчөсүнүн жана Учкун жаңы конушунун жашоосулары менен Ырысбек Мааткабылов жолгушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда Ы.Мааткабылов партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырды жана шайлоочулардын суроолоруна жооп берди. Шаардыктардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири жумушсуздук. "Биздин партия иштөөнү жана жумушсуздук менен жакырчылыкты жок кылуунун жолдорун билет. Жаңы жумуш орундарын түзүү абзел. Бул үчүн чакан жана орто бизнестерди, агрардык өнөр жайларды өнүктүрүү керек. Идеяларга бай, демилге көтөргөн жарандарды ар тараптан колдоп жаңы технологияларды колдонуу менен бюрократиялык жактан артта калбоону ойлонуубуз керек",-деп билдирет Ырысбек Мааткабылов. "Бүтүн Кыргызстан Эмгек " саясий партиясы жигердүү жана демилгечил адамдарды бириктирип 5миң жумуш ордун камсыз кылгандыгын. Бүгүнкү күндө 100миң жумуш орундарын түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экендигин айтты.


Убадалардын саны: 10
0.00%
100.00%
0.00%