Убада
СДПК партиясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кербен шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда " Партия Кара-Кече жылуулук электр борборунун курулуш иштери боюнч иш алып барып жаткандыгын айтты. Анын айтымында Нарындагы Кара-Кече жылуулук электр борборунун орточо кубатуулугу 1200 МВтны түзөт. "Бул долбоордун техникалык экономикалык негиздери даяр, тендер өткөрүлгөн, кийнки жылы станцияны куруу иштери башталат",-деп билдирет Артыкбаев. Талапкердин сөзүндө СДПК фкакциясынын платформасында өлкөнүн таш көмүр өнөр жайын өнүктүрүү жолдору каралып, учурда дүйнөдө чийки затка суроо талап жогору болуп жаткандыгын , мамлекет жаңы технологиялар менен иштесе экологиялык жактан бир топ таза көмүр кендерин чыгарышы мумкун экендигин белгилеп өттү.